# 8-статья. Маалыматты мамлекеттик сырдын катарына кошуу жана аны жашырындуулукка алуунун тартиби

- Документ: [О защите государственных секретов Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/739)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1476-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 декабря 2017 года № 210 (15) "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2013 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/739#diff=861411..861412>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-703/edition/861411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/739/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О защите государственных секретов Кыргызской Республики, 8-статья (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-8

---

Маалыматты мамлекеттик сырга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмегинин жана Жашырындоого жаткан маалыматтардын тизмегинин негизинде иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашырындуулугунун даражасын аныктоо жана белгилөө тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасында укуктук жана жеке жактардын менчиги болуп саналган жана ушул Мыйзамдын 5-статьясынын талаптарына жооп берген маалыматтарды менчик ээлеринин чыгашасын толуктоо менен жашырууга жана аны ачыкка чыгарууга укуктуу. Маалымат ээлери маалыматты жашыруу жана аны ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамга ылайык эмес аракеттерге Жогорку сотко даттанууга укуктуу. (КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-9)
