# 14-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик сырды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [О защите государственных секретов Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/739)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1476-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 декабря 2017 года № 210 (15) "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2013 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/739#diff=861411..861412>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-703/edition/861411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/739/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О защите государственных секретов Кыргызской Республики, 14-статья (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-14

---

(1-бөлүгү КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик сырды коргоо алкактарында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

- мамлекеттик сырды коргоо чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка норматив актыларынын аткарылышын жана мамлекеттик жашырын сырды сактоо маселелеринде мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга жетекчиликти камсыз кылат;

- бул иштин структурасын, уюштуруу тартибин, ишин, финансыланышын жана материалдык-техникалык камсыз кылынышын, ошондой эле мамлекеттик сырларды сактоо боюнча бөлүмчөлөрдү жоюуну аныктайт;

- Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн эң башкы маалыматтардын тизмесин иштеп чыгат жана бекитет;

- Ачыкка чыгарууга болбогон маалыматтардын тизмесин бекитет;

- жашырын маалыматтарды биргелешип пайдалануу жана сактоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды түзөт, аны башка мамлекеттерге берүүгө көзөмөл жүргүзөт;

- мамлекеттик жана аскердик жашырын сырды түзгөн маалыматтар менен туруктуу негизде иштөөгө киргизилген адамдар үчүн жеңилдиктерди берүүнүн өлчөмүн жана тартибин белгилейт;

- жашырын маалыматты таратуунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктайт;

- республикада мамлекеттик сырды сактоо боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана ишти уюштурууга тиешеси бар министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-15)
