# 11-статья. Жашырын сырга уруксат берүүнү чектөөнүн же токтотуунун шарттары

- Документ: [О защите государственных секретов Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/739)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1476-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 декабря 2017 года № 210 (15) "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2014 года № 15 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205236)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.01.2014 [Закон КР от 21 января 2014 года № 15 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205236); 18.05.2013 [Закон КР от 18 мая 2013 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/739#diff=861412..861413>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-703/edition/861411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/739/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О защите государственных секретов Кыргызской Республики, 11-статья (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-11

---

Кыргыз Республикасынын төмөндөгү граждандарына мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берилбейт:

- чет өлкөдө туруктуу жашап турган же тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгуу, чет өлкөнүн граждандыгын алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылгандарга;

- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар, атайын кылмыш жасагандык үчүн шектүү, айыпталуучу, соттолуучу катары тартылгандар, ошондой эле аларда бул кылмыштары үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу болгондор;

- тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик сыр менен иштөө үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрү барларга;

- анкеталык маалыматтарга билип туруп мамлекеттик сыр менен иштөөгө жол берүү жөнүндө чечимди кабыл алууга таасирин тийгизүүчү жалган кабарларды көрсөткөндөр;

- эки жарандуулугу барлар.

Чет өлкөлүктөргө жана граждандыгы жок адамдарга мамлекеттик жашырын сыр менен таанышууга жол берилбейт. Граждандарга жашырын маалыматтарды алууга жол берүү мамлекеттик органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу эмгек келишими (контракт) бузулганда;

- жашырын маалыматты сактоого байланышкан эмгек келишими (контракт) одоно жана дайыма бузулганда.

Граждандарга жашырын маалыматты алууга жол берүүнү токтотуу граждандар менен эмгек келишимин (контрактты) бузуу үчүн негиз болуп саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жашыруун сыр менен таанышууну Кыргыз Республикасынын гражданын өзүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырды таратпоо милдетинен бошотпойт. (КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74, 2014-жылдын 21-январындагы № 15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-12)
