# 10-статья. Мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнүн тартиби

- Документ: [О защите государственных секретов Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/739)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1476-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 декабря 2017 года № 210 (15) "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2014 года № 15 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205236)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.01.2014 [Закон КР от 21 января 2014 года № 15 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205236); 18.05.2013 [Закон КР от 18 мая 2013 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/739#diff=861412..861413>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-703/edition/861411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/739/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О защите государственных секретов Кыргызской Республики, 10-статья (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-10

---

Мамлекеттик сырды сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын граждандарына атайы уруксат берилет. Ошондой эле эмгек келишими түзүлгөнгө чейин, ошол граждандарга байланыштуу алардын өз каалоосу менен жазуу жүзүндө берилген макулдугу боюнча текшерүү чаралары жүргүзүлөт. Эмгек келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруудагы граждандардын милдети; ошол маалыматты таратпоо жөнүндө милдеттенме; мамлекеттик сыр менен иштөөгө байланышкан чектөөлөр. Текшерүү иш-чараларынын көлөмү алар менен иштөөгө уруксат берилүүчү маалыматтардын жашырындуулук даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын жашырындуулугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырлар менен иштөөгө жол берилүүчү төмөнкү үч формасы белгиленет: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтар. Жарандарда жашырындуулуктун кыйла жогорку даражасындагы маалыматтар менен иштөө үчүн жетимдүүлүктүн болушу, алардын төмөнкү даражасындагы жашыруун маалыматтар менен иштөөсүнө жол берүү үчүн негиз болуп саналат. Граждандарга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон мамлекеттик сыр катары эсептелген маалымат гана берилиши зарыл. Кыргыз Республикасынын граждандары администрациянын мамлекеттик сырды сактоого байланышкан эмгек келишиминин шарттарын бузуучу чечимдерине жогору турган органдарга же сот тартибинде даттанууга укуктуу. Мамлекеттик сырлар менен туруктуу негизде иштөөгө жол берилген жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленет:

- ага иштөөгө жол берилген маалыматтардын жашыруундуулук даражасына ылайык кызмат маянасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген пайыздык кошумча акы;

- мамлекеттик бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар уюштуруучулук жана (же) штаттык иш-чараларды өткөргөндө режимдик-жашыруун бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн жумуш орундарында калууга артыкчылыктуу укук. Көрсөтүлгөн категориядагы кызматкерлерди дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Мамлекеттик сырга улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуусуз жана сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмелерди жол-жоболоштуруусуз төмөнкүлөргө жол берилет:

- Кыргыз Республикасынын Президентине;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын орун басарларына;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасына жана мүчөлөрүнө;

- Премьер-министрге, вице-премьер министрлерге, коргоо, коопсуздук, ички иштер, мамлекеттик чек араларды кайтаруу жана коргоо маселелери карамагында болгон мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына. Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан аныкталуучу аларга теңештирилген кызмат адамдарына жана алардын орун басарларына;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74, 2014-жылдын 21-январындагы № 15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-11)
