# 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [О защите государственных секретов Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/739)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1476-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 декабря 2017 года № 210 (15) "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2014 года № 15 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205236)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.01.2014 [Закон КР от 21 января 2014 года № 15 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205236); 18.05.2013 [Закон КР от 18 мая 2013 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/739#diff=861412..861413>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-703/edition/861411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/739/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О защите государственных секретов Кыргызской Республики, 1-статья (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-1

---

Мамлекеттик сыр - Кыргыз Республикасында сакталуучу жана бир жерден бир жерге берилүүчү, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана аны аткаруу үчүн иштелген атайын тизме жана эреже менен чектөөчү, мамлекеттин көзөмөлүндө турган маалыматтар. Маалыматты жашырындоо - маалыматтын жайылтылышын чектөө боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы. Маалыматтын жашырындуулугун ачуу - маалыматтардын жайылтылышын чектөөнү алып салуу боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы. Мамлекеттик сырды сактоонун системасы (жашырындуулуктун тартиби) - ченемдик укуктук актыларда белгиленген мамлекеттик сырларды сактоону жана коргоону камсыз кылуунун бирдиктүү тартиби. Жашырын сырды таратуу - кызматы же иши боюнча белгиленген тартипте ишенип берилген тиешелүү маалымат кызмат адамдары же граждандар тарабынан атайы же байкоосуздан укукка каршы иш жасап, жашыруун маалыматты ага уруксат берилбеген адамдарга билдиргенде, бергенде, көрсөткөндө, жибергенде, жарыялаганда же башка жолдор менен жеткиргенде же маалыматтын жашырындуулугун алып жүрүүчү маанисин жоготкондо. Уруксат берүү - мамлекеттик сыры бар маалыматтар менен таанышууга белгиленген тартипте уруксат берүү. Чектөөчү белги - жашырын маалыматка же аны коштоочу документке сөзсүз коюлуучу, анда камтылган маалыматтарды пайдалануунун өзгөчө тартибин аныктоочу белги. Жашыруундулук даражасы - жашыруун маалыматтардын орчундуулугун, аларга жол берүүлөрдү чектөө даражасын жана анын мамлекет тарабынан коргоо деңгээлин мүнөздөгөн категория. (КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74, 2014-жылдын 21-январындагы № 15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/739/st-2)
