Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 6-апрели № 1778-V "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 3-февралындагы № 82 токтому) "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган…Постановление · 03.02.2012 · № 82
- 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору…Закон · 25.07.2012 · № 144