# КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 2530-V "К.Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 2530-V "К.Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2530-V
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6042/edition/493550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 2530-V "К.Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө" токтому (28.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73812

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-ноябры № 2530-V

К.Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген К. Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо үчүн сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Курманбек Жороев четки жаш курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

Төрагасынын орун басары

Т. Зулпукаров
