8-статья. Ички аскерлердин областтардын, Бишкек жана Ош
Күчүн жоготкон · 03.03.2015 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 марта 2015 года № 46.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231
шаарларынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү
Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бийлик укуктарынын чегинде:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана ички аскерлеринин командачысынын ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана мекемелерин түзүү боюнча сунуштарын кароого катышат;
- ички аскерлердин иш-аракети үчүн аларга тийиштүү шарттарды түзүп берет, ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук жана социалдык жана коргоонун гарантияларын ишке ашырууну камсыз кылат;
- аскердик формированиелерди чакырылуучулар менен комплектөөдө ички аскерлердин командованиесине көмөк көрсөтөт;
- создуктурууга болбой турган учурларда ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн өздүк курамын алар туруктуу жайгашкан жеринде Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин командачысына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине токтоосуз билдирүү менен авариянын, кыйроонун, өрттүн, табият кырсыктарынын, эпидемиялардын жана эпизоотиялардын кесепеттерин жоюу үчүн тартат.
Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аймактарында жайгашкан ички аскерлердин турган жери өзгөргөндүгү жөнүндө кайрылган учурда аскерлерди жаңы жерге көчүрүү жана жайгаштыруу боюнча бардык чыгымдар тийиштүү административдик аймактык түзүлүштүн бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Бул чыгымдарга өздүк курамды, байланыш объектилерин жана окуу материалдык базаны, социалдык, маданий, турмуш тиричилик жана башка багыттагы курулуштар менен имараттарды көчүрүп жайгаштыруу үчүн аскер шаарчаларын, турак-жайларды курууга жана жабдууга кетүүчү чыгашалар кирет, аталган жайлардын курулушу аскер бөлүктөрүн көчүрүү башталганга чейин аяктоого тийиш. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/738/st-8" title="8-статья - О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>