# 7-статья. Ички аскерлердин ишинин укуктук негизи, аскер

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 7-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-7

---

кызматчыларынын жоопкерчилиги жана граждандардын укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары ички аскерлердин ишинин укуктук негизин түзөт. Ички аскерлердин аскер кызматчыларына граждандардын кадыр баркын кетирүүгө тыюу салынат. Ички аскерлердин кызматчыларына граждандардын укуктарын жана эркиндиктерин ар кандай чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте гана жол берилет. Аскер кызматчылары граждандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузган учурда командирлер жана начальниктер граждандардын укуктарын калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте келтирилген зыянды өндүрүү боюнча чара көрүүгө, күнөөлүүлөрдү дисциплинардык жана уголовный жоопкерчиликке тартууга милдеттүү. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын аракеттери жогору турган командирге (начальникке), аскер прокуратурасынын органдарына жана сотко белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-8)
