# 42-статья. Ички аскерлерди материалдык-техникалык жана аскердик

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 42-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-42

---

жактан камсыздоо

Аскер бөлүктөрүнүн аткаруучу милдетин эске алуу менен ички аскерлерди материалдык-техникалык жана аскердик жактан камсыздоонун тартиби жана нормалары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аскердик техниканы оңдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин оңдоочу ишканаларында ички аскерлердин келишимдеринин (заявкаларынын) негизинде жүргүзүлөт. Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүн (подразделениелерин) жайгаштыруу үчүн объектилерди куруу же берүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген тартипте жана нормалар боюнча (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныктай турган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен) ички аскерлер кайтарган объектилер карамагында турган министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт, ал эми ички аскерлер башкармасын, аскердик бөлүктөрдү, окуу авиациялык, оперативдүү багыттагы жана атайын моторлоштурулган аскердик бөлүктөрдү, ички аскерлердин мекемелерин жана аскердик-окуу жайларын, камсыз кылуучу бөлүктөрүн жайгаштыруу үчүн объектилерди куруу же берүү - Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттарынын жана материалдык ресурстар менен борбордоштуруп камсыз кылуу аркылуу жергиликтүү аткаруучу бийлик органдарынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Аскердик бөлүктөрдү (подразделениелерди) жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аскер шаарчаларын, имараттарды жана курулуштарды оңдоо жана коммуналдык жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, мында анын кызыкчылыгында ички аскерлердин өздүк курамы кызматын аткарып жаткан министрликтер менен ведомстволор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул максатка бөлгөн адам жана материалдык ресурстар колдонулат. Инженердик-техникалык каражаттарды куруу, капиталдык оңдоо реконструкциялоо жана аларды эксплуатациялоону камсыз кылуу карамагында ички аскерлер коргоочу объектилер турган министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Ички аскерлер башкармасынын, окуу бөлүктөрүнүн, авиациялык аскердик бөлүктөрдүн, оперативдүү багыттагы аскердик бөлүктөрдүн, жана атайын моторлоштурулган аскердик бөлүктөрдүн, мекемелердин жана аскер имараттарын оңдоо жана коммуналдык жактан тейлөө ички аскерлерди камсыз кылуучу бөлүктөрдүн аскер окуу жайларынын, ички аскерлерди камсыз кылуучу бөлүктөрдүн имараттарын оңдоо жана коммуналдык жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын бюджетинин жана материалдык ресурстар менен борбордоштурулуп камсыз кылынуучу жергиликтүү аткаруучу бийлик органдарынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Өздөрүнүн аскердик бөлүктөрү туруктуу жайгашкан жерден обочодо убактылуу милдетин аткарып жаткан ички аскерлердин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын бюджетинен атайын бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен жайгашуу үчүн турак жай, коомуналдык кызматтар, байланыш линиялары жана каналдары автотранспорт жана күйүүчү-майлоочу материалдар, кошумча тамак-аш менен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-43)
