Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
40-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларын социалдык
Күчүн жоготкон · 03.03.2015 редакциясы · VIII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 марта 2015 года № 46.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231
турмуш-тиричилик жактан камсыздоо (Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн соода-турмуш тиричилик жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн белгиленген тартипте аскердик соода органдары, ошондой эле башка соода мекемелери аркылуу аларга аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин, мекемелердин начальниктеринин заявкалары боюнча бөлүнгөн ресурстардан жүргүзүлөт. (2-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 15 жана андан ашык календарлык жыл эмгектенген ички аскерлердин аскер кызматчыларына жана ошончо жыл кызмат кылып, жашына, оорусуна, аскерлердин санынын жана штаттардын кыскарышына же ден соолугунун начарлашына байланыштуу аскер кызматынан бошотулгандарга, курман болгон аскер кызматчыларынын же аскер кызматын аткарууга байланыштуу жарадар болуунун, контузиянын, майыптык алуунун, оорунун кесепетинен көз жумган аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленгендегиден төмөн болбогон нормалар боюнча өзүмдүк турак үйлөрдү курууга жана бакча-огород чарбасын күтүүгө жер участкалары акысыз берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө тийиштүү турак жай курулушун салууга ссуда берилет. Ички аскерлердин аскер кызматчылары аскер кызматынан бошотулганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аларга бир жолку берилүүчү пособие төлөнөт. 20 жана андан ашык календарлык жыл кызмат кылган офицерлерге, прапорщиктерге жана катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына алардын өтүнүчү боюнча баштапкы калдык наркы боюнча ички аскерлердин куралдануусунда турган автомобилдер жана автотрактордук техника Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министри белгилеген тартипте сатылышы мүмкүн. Алыскы гарнизондордо жана ишке орноштуруу мүмкүн болбогон жерлерде кызмат өтөп жатышкан офицерлердин, прапорщиктердин жана катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аялдарына ай сайын социалдык пособие төлөнөт, анын суммасы эмгек акы төлөөнүн мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмүнө барабар. Ал эми мындай пособие алган мезгил жалпы эмгек стажысына киргизилет. Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген социалдык жана укуктук гарантиялардын башка нормалары, ал эми зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча - ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тийиштүү категориялары үчүн каралган социалдык жана укуктук гарантиялардын нормалары толук көлөмүндө жайылтылат. Жергиликтүү аткаруу бийлик органдары ички аскерлердин аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоонун ушул Мыйзамда каралбаган кошумча гарантияларын белгилей алышат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 17 июня 1998 года №361 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 17.06.1998 · № 361 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 30.12.2009 · № 319
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/738/st-40" title="40-статья - О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>