# 38-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын акысыз жүрүү укугу

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203475)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/738#diff=620082..620083>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 38-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-38

---

Ички аскерлердин аскер кызматчылары кызматтык милдетин аткарууда шаар ичинде, шаар четине каттаган жана жергиликтүү каттамадагы коомдук транспорттун (жеңил таксиден башка) бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланат. Транспорт коммуникацияларында же өзгөчө абалдын укуктук режими киргизилген райондордо кызмат өтөгөн ички аскерлердин аскер кызматчылары мындан тышкары, участкаларда тейлөө чегинде поезддерде акысыз жүрүүгө укуктуу. Ички аскерлердин аскер кызматчылары өз үй-бүлө мүчөлөрү менен (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү кирбейт) бирге республиканын чегинде кезектеги отпусканын өткөрүүчү жерге барганда жана кайтып келгенде акысыз жүрүү укугуна ээ. Өз транспортун кызматта пайдаланган офицерлерге, прапорщиктерге жана катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө акчалай компенсация төлөнөт. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-39)
