# 29-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчысынын жеке

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 29-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-29

---

коопсуздугунун гарантиялары

Ички аскерлердин аскер кызматчысы түзүлгөн жагдайда ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралагандай курал колдонуу үчүн негиз пайда болушу мүмкүн деп эсептесе, куралын чыгарууга жана аны даярдык абалына келтирүүгө укуктуу. Кармалган адам Ички аскерлердин аскер кызматчысына бычак же ок атуучу курал, же денеге жаракат келтирүүчү башка бир нерселер менен жакындоого аракет жасаса, аскер кызматчысы көрсөткөн аралыкты сактабаса, аскер кызматчысынын буйругун укпастан кийиминен бир нерсе алып чыгууга, ошондой эле аскер кызматчысынын куралына кол тийгизүүгө аракет жасаса, аскер кызматчысы зомбулук катары баалашы мүмкүн болгон башка коркунучтуу кыймыл-аракеттер болсо, ага ушул Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгүнүн б) пунктуна ылайык, курал колдонууга укук берет. Аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу таламында аскер бөлүктөрүнүн жайгашкан (которулуп жайгашкан) жери, куралдуу кылмышкер топтор менен кагылышууга катышкан ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызмат өтөгөн жана жашаган жери жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарына чыгарууга жол берилбейт. Ички аскерлердин аскердик-кызмат иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин командачысынын уруксаты менен гана берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-30)
