# 24-статья. Күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 24-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-24

---

колдонуунун шарттары жана чектери

Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте гана күч колдонууга, атайын каражаттарды, табелдик куралдарды жана штаттык аскердик техниканы сактоого жана колдонууга укуктуу. Ички аскерлердин аскер кызматчылары атайын даярдыктан өтүүгө, ошондой эле мезгил-мезгили менен күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника колдонуу менен байланышкан шарттарда аракеттенүүгө жарактуулугун, ошондой эле жапа чеккендерге врач келгенге чейин жардам көрсөтө билүүсүн текшертип турууга милдеттүү. Күч, атайын каражат, курал же аскердик техника колдонууда ички аскерлердин аскер кызматчысы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- күч, атайын каражат, курал же аскердик техника колдонууну, создуктуруу граждандардын, аскер кызматчыларынын же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден тике коркунуч түзүп, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон же алдын ала эскертүү жасоо ошол жагдайда орунсуз болгон же мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү, күч, атайын каражат, курал же аскердик техника колдонууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүү жасоого;

- дене боюнунан жаракат алгандарга врач келгенге чейинки жардамды камсыз кылууга;

- күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника колдонуунун ар бир учуруу жөнүндө команда боюнча билдирүүгө.

Ички аскерлердин тийиштүү командирлери жана начальниктери күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника колдонууда жарадар болуунун же курман болуунун бардык учурлары жөнүндө прокурорго токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Күч, атайын каражат, курал же аскердик техниканы өз бийлик укуктарынын чегинен чыгуу менен колдонуу аскер кызматчыларын мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга алып келет.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-25)
