Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-статья. Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ички
Күчүн жоготкон · 03.03.2015 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 марта 2015 года № 46.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231
аскерлердин аскер кызматчыларынын укуктары
Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн аскердик милдеттерин аткарууда төмөндөгү укуктарга ээ:
а) граждандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, кылмыштарды, административдик укук бузууларды жана өз милдеттерин аткарууга тоскоол болгон аракеттерди токтотууну талап кылууга;
б) граждандардын жана кызмат адамдарынын кылмыш жасоосунан же административдик укук тартибин бузуусунан шек келтирген жетиштүү негиздер болгон учурда, алардын ким экендигин далилдеген документтерин текшерүүгө;
в) укук тартибин бузган же андай иш жасоого аракеттенген адамдарды, же ким экендигин тактоо максатында кармоо жана милиция органдарына жеткирүүгө;
г) кайтарылуучу объектиге кирген адамдарды милиция органдарына өткөрүп бергенге чейин 3 саатка чейин кармоого жана ички аскерлердин кызматтык жайларында кармап турууга, алардын жеке өздөрүн карап чыгууга, буюмдарын текшерүү, алардын буюмдарын жана документтерин алып коюуга;
д) ички аскерлер кайтарган объектилерде белгиленген эрежелерге ылайык транспорт каражаттарын текшерип чыгууга;
е) дипломаттык иммунитети бар адамдардан тышкары менчигинин түрүнө карабастан сутканын ар кандай мезгилинде күзөттөгү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагында тоскоолсуз кирүү жана коомдук тартипке, граждандардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү укук тартибин бузууга жол бербөө максатында аларды карап чыгуу; кайтарылуучу аймакка кирген адамдарды издөө жана кармоо;
ж) улук оперативдүү начальниктин чечими боюнча, ал эми бөтөнчө бир учурларда - аскер бөлүгүнүн же подразделениесинин командиринин чечими боюнча качып кеткен соттолгондорду жана камакка алынгандарды издөөдө жер участкаларын, айрым курулуштарды жана башка объектилерди курчоо, кайтаруудагы аймакка өткөн адамдардын артынан түшүү, массалык баш аламандыкты жана коомдук тартипти топтошуп бузууну токтотуу, ошондой эле табият кырсыгынын, авариялардын, башкача өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюуда зарылчылыгына жараша транспорт каражаттарын карап чыгууга;
з) (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
и) ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда аларга көмөк көрсөтүүдө айырмаланган граждандарды колдоого.
Өзгөчө абалдын укуктук режиминин шартында милдеттерди аткарууда ички аскерлерге өзгөчө абалдын укуктук режими жөнүндө мыйзамга ылайык кошумча укуктар берилет. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 09.12.2011 · № 231 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/738/st-23" title="23-статья - О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>