# 19-статья. Аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203475)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/738#diff=620082..620083>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 19-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-19

---

багыттагы подразделениелердин милдеттери

Аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелерге төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

- шаарда жана калктуу пункттарда патруль-пост кызматын өтөө аркылуу коомдук тартипти коргоо, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер органдары менен бирге катышуу;

- адамдарды аман сактоо, кароосуз калган мүлктү кайтаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүдө, аварияда, кыйроодо, өрттө, табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө жагдайларда, ошондой эле өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү;

- калктуу пункттарда, ал эми зарыл учурда түзөтүү-эмгек мекемелеринде массалык баш-аламандылыктарды басууга катышуу;

- ушул статьяда каралган милдеттерди ички аскерлер аткарган райондордо чалгындоо мүнөзүндөгү иш-чараларды жүзөгө ашыруу.

Ички аскерлерди санкцияланбаган митингилерди, көчө жүрүштөрүн жана зомбулук мүнөзүндө болбогон демонстрацияларды басуу үчүн тартууга тыюу салынат. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-20)
