# 17-статья. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жана

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203475)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/738#diff=620082..620083>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 17-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-17

---

подразделениелеринин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу тартиби

Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнө жана подразделениелерине жүктөлгөн аскердик милдеттерди аткаруусунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин Уставы жана министрликтин нормативдик актылары менен аныкталат. Өзгөчө абалдын укуктук режиминин шартында аскердик бөлүктөрдү жана подразделениелерди милдетин аткарууга тартуунун узактыгы эреже катары 3 айдан ашпоого тийиш. Мында офицерлерге, прапорщиктерге, катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына өтөгөн кызматынын ар бир айы узак жылдар иштегенде пенсияга укук берген 3 айга тете эсептелет, ал эми мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын 1 айы пенсия дайындатуучу эмгек стажысынын 3 айына эсептелет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө жогорулатылган акчалай акы төлөнөт. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-18)
