# 15-статья. Ички аскерлердеги аскер кызматы

- Документ: [О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/738)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1474-ХII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 46 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205467)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203475)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/738#diff=620082..620083>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-702/edition/620079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/738/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, 15-статья (03.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-15

---

Ички аскерлерди комплектөө контракт боюнча ыктыярдуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын граждандарын аскер кызматына чакыруу негизинде жүргүзүлөт. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөө шарттары, тартиби жана мөөнөтү, алардын статусу, укуктары жана милдеттери, кызмат жагынан которуштуруу, аскердик наамдарды ыйгаруу, аттестациялоо, бошотуу жана пенсия менен камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Ички аскерлердин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрү бар Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланат, ал чектөөлөр аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү менен шартталган. (Төртүнчү бөлүк КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/738/st-16)
