11-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички
Күчүн жоготкон · 03.03.2015 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 марта 2015 года № 46.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231
аскерлеринин командачысынын бийлик укуктары
Ички аскерлердин командачысы ички аскерлерди тикеден-тике башкарууну жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командачысы тынчтык жана согуш мезгилинде ички аскерлердин аскердик жана мобилизациялык даярдыгын кармоо жана аларга жүктөлгөн милдеттин ийгиликтүү аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Ички аскерлердин командачысы:
- Ички аскерлердин бүтүндөй өздүк курамынын түздөн-түз начальниги болуп саналат;
- кызматтык-аскердик милдеттерди аткаруу кызыкчылыгында белгиленген сандын чегинде ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жана подразделениелеринин штаттарын бекитет;
- ички аскерлерди мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары менен комплектөө пландарын иштеп чыгууну уюштурат, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына ылайык аларды аскер кызматынан бошотот;
- приказдарды, директиваларды, инструкцияларды, жоболорду чыгарат;
- ички аскерлерди аскердик жана мобилизациялык даярдоо пландарын жана программаларын, ошондой эле илимий изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин пландарын бекитет;
- офицерлердин, прапорщиктердин, катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөө маселелерин чечет;
- офицерлерге аскердик наам ыйгарат жана майорду кошкондо ага чейинки офицерлерди аскердик кызматынан бошотот;
- өздүк курамы үчүн материалдык базанын өнүгүшүн жана зарыл болгон социалдык-турмуш-тиричилик шарттарынын түзүлүшүн камсыз кылат;
- ички аскерлердин аскер кызматчыларын, кызматчыларды жана жумушчуларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча аскердик жана башка техниканы жана мүлктү аскерлердин куралдануусуна (жабдууга) кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри белгилеген тартипте жараксыз болгон мүлктү же керектелген материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын аскердик (бюджеттик) эсептен чыгарат;
- өзгөчө абалдын укуктук режимин киргизүү шартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри берген бийлик укуктардын көлөмүндө ички аскерлердин, өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылуу үчүн тартылган тиешелүү аймактык ички иштер органдарынын аракетин координациялайт.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/738/st-11" title="11-статья - О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>