# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3028-V "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжасын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3028-V "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжасын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3028-V
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6017/edition/491729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3028-V "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжасын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (22.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73785

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-апрели № 3028-V Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжасын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 22-майындагы № 3098-V токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" парламенттик фракциясынын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжасын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн: Кочкоров У.Т. Арапбаев А.А. - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан; Жоошбеков З.С. Алымбеков З.М. - КСДП депутаттык фракциясынан; Маматалиев А.М. Артыков А. - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан; Арипов Н.Т. Бекматов А.Г. - "Республика" депутаттык фракциясынан; Мадылбеков Т. Досалиев А.А. - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан. Молдобаев Н. - "Ата-Журт" фракциясынын "За реформы" депутаттык группасынан. Комиссия зарылчылыкка жараша ишке эксперттерди, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана мамлекеттик бийлик органдарынын адистерин тартууга укугу бар. Эксперттерди тартуу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. (КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 22-майындагы № 3098-V токтомунун редакциясына ылайык)

Төрага

А. Жээнбеков
