# Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 328
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-3/edition/408054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген) (29.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7378

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)

| Кызмат орундун аталышы | Атайын наам | Квалификациялык талаптар |
| --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 |
| Инспектор, тергөөчү | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор, улук тергөөчү | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү, басма сөз-катчы | Бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Төраганын жардамчысы, сектор башчы, басма сөз кызматынын начальниги | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу- 35 жашка чейин |
| Башкармалык- тын курамындагы бөлүмдүн начальниги | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу- 35 жашка чейин |
| Башкармалык- тын начальнигинин орун басары, өз алдынча бөлүмдүн начальнигинин орун басары, төраганын кеңешчиси | Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Башкы башкармалык- тын начальниги, башкармалык- тын начальниги, өз алдынча бөлүмдүн начальниги, Башкы башкармалык- тын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ведомстволук органдары |  |  |
| Инспектор, тергөөчү | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор, улук тергөөчү | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү | Бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бөлүм начальниги, сектор башчы | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бажынын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Окуу борборунун, кызматтын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Окуу борборунун, кызматтын, бажынын начальниги | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Көп тараптуу маанидеги өткөрмө пунктунун бажы посту |  |  |
| Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Посттун начальниги | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Эки тараптуу маанидеги өткөрмө пунктунун бажы посту |  |  |
| Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Посттун начальниги | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгү |  |  |
| Инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлү | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 5 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
