# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому 2000-жылдын 8-июну № 324 Чет өлкөлүк граждан, граждандыгы жок адам үчүн Кыргыз Республикасында жашоого убактылуу жана туруктуу вид жана граждандыгы жок адамдын күбөлүгү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому 2000-жылдын 8-июну № 324 Чет өлкөлүк граждан, граждандыгы жок адам үчүн Кыргыз Республикасында жашоого убактылуу жана туруктуу вид жана граждандыгы жок адамдын күбөлүгү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1239/edition/946047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому 2000-жылдын 8-июну № 324 Чет өлкөлүк граждан, граждандыгы жок адам үчүн Кыргыз Республикасында жашоого убактылуу жана туруктуу вид жана граждандыгы жок адамдын күбөлүгү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу (02.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7371

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2000-жылдын 8-июну № 324

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Чет өлкөлүк граждан, граждандыгы жок адам үчүн

Кыргыз Республикасында жашоого убактылуу жана туруктуу

вид жана граждандыгы жок адамдын күбөлүгү жөнүндө Жобону

бекитүү тууралуу

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомунун

редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасында паспорттук системаны өркүндөтүү боюнча ча-

ралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 23-сен-

тябрындагы Указын ишке ашыруу, республиканын аймагына чет өлкөлүк граж-

дандардын жана граждандыгы жок адамдардын киришин, чыгышын жана болушун

тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна ылай-

ык күчүн жоготту)

2. Документтердин бланкаларынын сүрөттөмөсү жана үлгүлөрү № 1-5

тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министрлиги менен бирдикте чет өлкөлүк граждан, граждан-

дыгы жок адам үчүн Кыргыз Республикасында жашоого убактылуу жана турук-

туу вид жана граждандыгы жок адамдын күбөлүк - документтеринии 5000

бланкасын 2000-жылы даярдоого акча каражатын тапсын, ошондой эле кийин-

ки жылдарга бул максаттарга тиешелүү чыгымдарды республикалык бюджетте

караштырсын.

4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери

жана административдик ведомстволору колдонуудагы нормативдик-укуктук

актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

5. Бул токтом менен бекитилген Жобону колдонуунун тартиби жөнүндө

түшүндүрүүнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бере турган-

дыгы белгиленсин.

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогоруда аталган

бланктарды этап-этабы менен даярдоону жана ушул токтом менен бекитилген

Жобого ылайык чет өлкөлүк граждандарды жана граждандыгы жок адамдарды

документтештирүүнү камсыз кылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Ич-

ки иштер министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Муралиев
