# КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 331
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2000
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1238/edition/537424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2000 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому (12.06.2000 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7368

---

2000-жылдын 12-июну № 331

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына жана Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө Талас областтык кеңешинин 1999-жылдын 24-августундагы сессиясынын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өк- мөтү токтом кылат:

1. Талас областтык, Талас райондук, Көпүрө-Базар айыл кеңешинин Талас районун-

дагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп кайра атоо жөнүндө сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар

айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

3. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароо-

суна жиберилсин.

4. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палата-

лары караган учурда Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү У.С.Орозалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр А.Муралиев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Ресиубликасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-База р айыл кеңеши Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп кайра аталсын.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган учурдан тартын күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
