# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы N 316 "Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы N 316 "Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 316
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1230/edition/946038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы N 316 "Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө" токтому (02.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7357

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 3-июну N 316

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык жактардын түзүлүү, кайра өзгөртүлүү, жоюлуу фактыларын ырастоо, аларды толугураак эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактардын жана алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн мамлекеттик реестрин толугураак жүргүзүүсү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эркин экономикалык зоналардын дирекциялары тиркемеде аныкталган формада:

- бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине катгоого турган, кайра катталган жана жоюлган юридикалык жактар, юридикалык жактардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды берсин;

- ЭЭЗдин субъекти катталгандан кийин 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ЭЭЗдин дирекциясы тарабынан катталган, кайра катталган жана жоюлган юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жиберсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Эркин экономикалык зоналарда катталган юридикалык жактар жөнүндө маалыматгарды алардын ЭЭЗдердин дирекциялары тарабынан берилишине жараша юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине киргизсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр А.Муралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы N 316 токтомуна тиркеме

1. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн уюштуруучулук-укуктук формасы, аталышы жана жайгашкан жери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн катталуусу, кайра катnалуусу же жоюлуусу жөнүндө буйруктун датасы жана номери:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн ОКПО коду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн түзүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - Министр Р.Ешмамбетов
