Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 мая 2019 года № 200 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-05-02.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 3-июну N 316
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык жактардын түзүлүү, кайра өзгөртүлүү, жоюлуу фактыларын ырастоо, аларды толугураак эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактардын жана алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн мамлекеттик реестрин толугураак жүргүзүүсү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эркин экономикалык зоналардын дирекциялары тиркемеде аныкталган формада:
- бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине катгоого турган, кайра катталган жана жоюлган юридикалык жактар, юридикалык жактардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды берсин;
- ЭЭЗдин субъекти катталгандан кийин 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ЭЭЗдин дирекциясы тарабынан катталган, кайра катталган жана жоюлган юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Эркин экономикалык зоналарда катталган юридикалык жактар жөнүндө маалыматгарды алардын ЭЭЗдердин дирекциялары тарабынан берилишине жараша юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине киргизсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр А.Муралиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы N 316 токтомуна тиркеме
1. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн уюштуруучулук-укуктук формасы, аталышы жана жайгашкан жери: ___________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн катталуусу, кайра катnалуусу же жоюлуусу жөнүндө буйруктун датасы жана номери:________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн ОКПО коду: ______________________________________________ _______________________________________________________________________
4. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн түзүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар:_________________________ _______________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - Министр Р.Ешмамбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 200
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 200