# 7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо жагынан

- Документ: [Об обороне](https://aqlex.ai/kg/doc/735)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1462-XII
- Кабыл алынган күнү: 13.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 242 "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-699/edition/620223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/735/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Об обороне, 7-статья (24.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-7

---

полномочиелери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы үчүн жооп бе-

рет;

- өзүнө баш ийген мамлекеттик башкаруу органдарынын коргоо маселе-

лери боюнча ишине жетекчилик кылат;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине коргоо бюджетинин долбо-

ору боюнча сунуштарды киргизет;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскерлерди

курал-жарак жана аскердик техника менен жабдууну, аларды Коргоо минист-

рлигинин заказдарына ылайык материалдык каражаттар, ресурстар жана кыз-

мат көрсөтүү менен камсыз кылууну уюштурат;

- жалпы аскердик уставдардын долбоорлорун Жогорку Кењештин бе-

китүүсүнө киргизет;

- курал жарактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын жана

пландарынын аткарылышын, ошондой эле аскердик-каттоо жүргүзүүчү адис-

тиктер боюнча граждандарды даярдоону камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлери-

нин инфраструктурасын түзүүнү камсыз кылат;

- аскердик каттоонун тартибин аныктайт жана аскер кызматына, ас-

кердик жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырыла турган Кыргыз Рес-

публикасынын граждандарынын контингенттери жөнүндө Кыргыз Республикасы-

нын Президентине сунуш даярдайт;

- мобилизациялык пландарды жана тапшырмаларды, мобилизациялык жана

мамлекеттик резервдерди топтоо пландарын иштеп чыгууну жана анын атка-

рылышын уюштурат;

- мамлекеттик коргоо ишканаларын, илим-изилдөө жана тажрыйба-конс-

труктордук уюмдарды, аскер окуу жайларын, жогорку окуу жайлардын аскер

кафедраларын түзүү, кайра профильдештирүү жана жоюу жөнүндө чечим кабыл

алат;

- берилген полномочиелеринин чегинде Кыргыз Республикасынын коргоо

маселелери боюнча эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелеринин

аткарылышын уюштурат;

- Коргоо министрлиги жөнүндө жобону бекитет;

Карањыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-мартындагы № 150

"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобону бекитүү туу-

ралуу" токтому

- аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошонгон адамдарды жана

алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыз кылуу боюнча өзүнүн

карамагындагы органдардын ишин уюштурат;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, коргоо ишканаларынын

жана уюмдарынын граждандык персоналы үчүн алардын эмгек шарттарына жа-

раша жењилдиктерди белгилейт;

- уюштурулушун, милдеттерин аныктайт, граждандык жана аймактык

коргонууну жалпы пландаштырууну, ошондой эле бекитилген пландардын ат-

карылышы үчүн контролду ишке ашырат;

- курал-жарактарды жана аскердик техниканы, коргоо объектилерин

жана башка аскердик мүлктү өткөрүү, арендага берүү, сатуу жана жоюу

тартибин белгилейт;

- курал-жарактарды жана аскердик техниканы, стратегиялык материал-

дарды, алдыњкы технологияны жана кош маанидеги продукцияны экспорттоого

контроль уюштурат;

- аскердик маселелер боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мам-

лекеттердин ортосундагы ишенимди чыњдоо жана аскер коркунучунун дењгээ-

лин өз ара төмөндөтүү, коллективдүү коопсуздукту түзүү боюнча чараларды

аныктайт.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-8)
