# 4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо жагынан

- Документ: [Об обороне](https://aqlex.ai/kg/doc/735)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1462-XII
- Кабыл алынган күнү: 13.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 242 "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-699/edition/620223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/735/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Об обороне, 4-статья (24.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-4

---

полномочиелери

Кыргыз Республикасынын Президенти:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы -

Коргоо Советинин Төрагасы болуп саналат;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Республикасынын

аскердик-коргонуу концепциясынын долбоорун сунуш кылат;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруу пландарын, аны

колдонуу пландарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мобили-

зациялык жайылтуу схемасын, экономиканын мобилизациялык пландарын,

ошондой эле коргоо кызыкчылыгында мобилизациялык резервдерди (ресурс-

тарды) даярдоо жана топтоо жана өлкөнүн аймагын оперативдүү жабдуу

пландарын бекитет;

- бөлүнгөн каражаттын чегинде курал-жарактарды жана аскердик тех-

никаны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын бекитет;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кењештикте Корго-

нуу министрин дайындайт, ал өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Прези-

денти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдында жеке жоопкерчиликтүү

болот;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командование-

син дайындайт жана кызматынан алат;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлери-

нин составын, структурасын жана санын бекитет, Кыргыз Республикасынын

Куралдуу Күчтөрүндөгү жогорку командалык составга кирген адамдар

ээлөөчү кызматтардын тизмесин белгилейт;

Карањыз:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы ПУ

N 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир

маселелери жөнүндө" Указы

- Мыйзамда белгиленген тартипте жогорку аскердик наамдарды ыйга-

рат;

- Кыргыз Республикасынын граждандык коргонуу пландарын жана Аймак-

тык коргонуу жөнүндө Жобону бекитет;

- Коргоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Күчтөрүн жана башка аскерлерди топтоштуруу (дислокациялоо), аскер объ-

ектилерин жайгаштыруу пландарын бекитет;

- коллективдүү коопсуздук жана куралсыздануу маселелери боюнча

биргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө сүйлөшүү

жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет;

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде

Кыргыз Республикасына капыстан куралдуу кол салуу болгон учурда согуш

кырдаалын, жалпы же жарым жартылай мобилизация, аскердик абал жарыя-

лайт, бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна

токтоосуз киргизет;

- согуш аракеттерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Күчтөрүнө приказ берет;

- согуш мезгилинин нормативдик актыларын колдонууга киргизет жана

алардын колдонулушун токтотот, Кыргыз Республикасынын аскердик абалы

жөнүндөгү Мыйзамга ылайык согуш мезгилиндеги мамлекеттик башкаруу ор-

гандарын түзөт жана жоет;

- Кыргыз Республикасынын граждандарын мөөнөттүү аскер кызматына

чакыруу жана мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын запаска бошотуу

жөнүндө указдарды чыгарат.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-5)
