# 1-статья. Коргоонун негиздери

- Документ: [Об обороне](https://aqlex.ai/kg/doc/735)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1462-XII
- Кабыл алынган күнү: 13.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 242 "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202668)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 января 2005 года №2 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1598)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/735#diff=620224..620225>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-699/edition/620223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/735/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Об обороне, 1-статья (24.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-1

---

Бул Мыйзамда коргоо деп куралдуу кол салуудан коргоого мамлекеттин

даярдыгын камсыз кылуу боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социал-

дык, укуктук жана башка чаралардын системасы, ошондой эле Кыргыз Рес-

публикасынын калкын, аймагын жана суверенитетин коргоо түшүнүлөт.

Коргоо коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эњ маанилүү функци-

яларынын бири болуп саналат.

Коргоо эл аралык укукка, Кыргыз Республикасынын Конституциясына,

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республи-

касынын аскердик-коргонуу концепциясына ылайык уюштурулат жана ишке

ашырылат.

Куралдуу күрөш каражаттарын колдонуу менен коргоо үчүн Кыргыз Рес-

публикасынын Куралдуу Күчтөрү түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын граж-

дандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети киргизилет.

Коргоого куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен Кыргыз Рес-

публикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Экология жана

өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвар-

диясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз

Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

күзөт кызматынын аскердик бөлүмчөлөрү, бөлүктөрү жана бирикмелери тар-

тылат.

Ушул статьяда көрсөтүлгөн аскерлердин тизмесине тынчтык мезгилде

башкалар киргизилбейт.

Кыргыз Республикасында башка аскердик түзүлүштөрдүн болушуна жана

түзүлүшүнө Мыйзам боюнча жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/735/st-2)
