Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагына табигый газды жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-ноябры № 3622-V "2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагына табигый газды жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 24-сентябрында № 521 токтому) "2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагына табигый газды жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Т. Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган…Постановление · 24.09.2013 · № 521
- 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.12.2013 · № 223