# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3623-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3623-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3623-V
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5879/edition/603152/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3623-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (27.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73145

---

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-ноябры № 3623-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1. 7-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Медалга (Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын лауреатынын) 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык кошулат, ал Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржыланылат.".

2. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо бөлүгүндө ушул Токтомдун 1-пункту 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Ушул Токтомдун 1-пункту күчүнө киргенге чейин 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши каржылануучу каражаттардан белгиленсин.

3. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо үчүн 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондусунан бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынан суралсын.

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров
