# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-ноябрындагы № 3586-V "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-ноябрындагы № 3586-V "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3586-V
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2013
- Редакциянын күнү: 14.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5849/edition/479946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-ноябрындагы № 3586-V "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (14.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73115

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 14-ноябры № 3586-V "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 1-августундагы № 442 токтому) "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С. Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрагасынын орун басары

Ч. Султанбекова
