# "ПОЛОЖЕНИЕ о Фонде развития и материального поощрения органов дипломатической службы Кыргызской Республики" Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 мая 2000 года № 271

- Толук аталышы: "ПОЛОЖЕНИЕ о Фонде развития и материального поощрения органов дипломатической службы Кыргызской Республики" Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 мая 2000 года № 271
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-366/edition/922486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "ПОЛОЖЕНИЕ о Фонде развития и материального поощрения органов дипломатической службы Кыргызской Республики" Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 мая 2000 года № 271 (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7308

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 16-майындагы № 271

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын

өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү Фонду тууралуу

ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 10-ноябрындагы № 785 токтомунун

редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын өнүктү-

рүү жана материалдык колдоо көрсөтүү Фонду (мындан ары Фонд деп аталуу-

чу) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы

мекемелердин тийиштүү материалдык-техникалык базасын камсыз кылуу жана

алардын тийиштүү иш-аракеттери үчүн, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер

министрлигинин системасындагы мекемелердин кызматкерлерин социалдык

жактан коргоо жана кепилдик берүү үчүн зарыл шарттарды камсыздоо макса-

тында түзүлөт.

2. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын матери-

алдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана бекемдөө;

- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын Архивин түзүү жана кар-

моо;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат-ана-

литикалык борборун түзүү жана өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын консул-

дук кызмат көрсөтүүлөрүнүн автоматташтырылган системасын өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызмат-

керлерин социалдык жактан колдоону камсыз кылуу, алардын өндүрүштүк

иш-аракеттерин шыктандыруу.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 785

токтомунун редакциясына ылайык)

II. Түзүүнүн булактары

3. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат

органдарынын атайын каражаттары жөнүндө Жобого ылайык алынчу атайын ка-

ражаттардын 10 пайыздык өлчөмүн которуунун эсебинен түзүлөт.

III. Колдонуу тартиби

4. Фонддун каражаттары төмөнкү учурларда колдонулат:

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын материал-

дык-техникалык базасын өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча борборлоштурулган

чараларды өткөрүү (кызматтык имараттарды куруу жана курулушта үлүштүк

катышуу, капиталдык оњдоо, бөлмөлөрдү жумшак жана катуу эмеректер, ком-

пьютерлер, уюштуруу техникалык каражаттары менен жабдуу, компьютерлерди

алуу, аталган техникалык каражаттарды тейлөө жана оњдоо ж.б.);

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын кармоо (жы-

луулук жана электр энергиясы, байланыш каражаттары, бланкалык продукци-

яларды алуу үчүн төлөө ж.б.);

- тышкы саясат багытын чагылдырган атайын журналдарды жана норма-

тивдик укуктук актылардын жыйнактарын басып чыгаруу;

- протоколдук чараларды өнүктүрүү үчүн керектүү буюмдарды алуу;

- социалдык-маданий чараларды, чет элдик өкүлчүлүктөрдү расмий то-

сууну уюштуруу жана өткөрүү, өкүлчүлүктүн чыгымдары, өкүлчүлүккө ке-

ректүү буюмдарды алуунун ордун толтуруу, кызматтык иш сапарлардын чы-

гымдары ж.б.

- кызматтык максатта имараттарды, автотранспортторду, алардын те-

тиктерин алуу;

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызмат-

керлерин окутуу-билим берүү программалары менен камсыз кылуу, окууга,

стажировкага жиберүү;

- турак-жай, мектепке чейинки мекемелер, эс алуу базаларын куруу

жана сатып алуу, эмгек жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча

чыгымдар;

- ак ниет иши үчүн бир жолку акчалай сыйлык берүү;

- иштин жыйынтыгы боюнча кезектеги сыйлыктар жана дарылануу жана

башка максаттар үчүн кызматкерлерге, анын ичинде пенсионерлерге жана

пенсияга чыккандыгына байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлерге мате-

риалдык жардам берүү;

- иш убактысынан тышкары эмгек үчүн айлык акыга үстөк төлөөлөрдү

чектөө, келишимдик негиздеги кызматкерлердин эмгек акысын төлөө;

- семинарларды, жыйналыштарды өткөрүүгө байланышкан социалдык-ма-

даний чаралар жана кайрымдуулук максаттарда;

- профсоюздук комитетке акысыз материалдык жардам көрсөтүү;

- ден-соолукту чыњдоо мекемелерине баруу үчүн жолдомолордун наркы-

нын бир бөлүгүн төлөө;

- шаардык, райондук чектеги коомдук транспортто жүрүү үчүн төлөө

жана тамактануунун бир бөлүгүн төлөө;

- кызматкерлерге пайызсыз ссудаларды берүү;

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарына жүктөл-

гөн милдеттер менен тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча алардын иш-аракет-

терин жакшыртууга багытталган башка чаралар.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 785

токтомунун редакциясына ылайык)

5. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат

органдарынын өзүнчө эсептик счетунда жыйналат.

6. Акча каражаттарын чыгымдоо боюнча финансылык иштер которуп

эсептешүү боюнча жүргүзүлөт.
