Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«ПОЛОЖЕНИЕ о Фонде развития и материального поощрения органов дипломатической службы Кыргызской Республики» Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 декабря 2018 года № 654 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, регулирующих вопросы, касающиеся средств специальных счетов органов дипломатической службы Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-31.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 16-майындагы № 271
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын
өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү Фонду тууралуу
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 10-ноябрындагы № 785 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын өнүктү-
рүү жана материалдык колдоо көрсөтүү Фонду (мындан ары Фонд деп аталуу-
чу) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы
мекемелердин тийиштүү материалдык-техникалык базасын камсыз кылуу жана
алардын тийиштүү иш-аракеттери үчүн, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин системасындагы мекемелердин кызматкерлерин социалдык
жактан коргоо жана кепилдик берүү үчүн зарыл шарттарды камсыздоо макса-
тында түзүлөт.
2. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын матери-
алдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана бекемдөө;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын Архивин түзүү жана кар-
моо;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат-ана-
литикалык борборун түзүү жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын консул-
дук кызмат көрсөтүүлөрүнүн автоматташтырылган системасын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызмат-
керлерин социалдык жактан колдоону камсыз кылуу, алардын өндүрүштүк
иш-аракеттерин шыктандыруу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 785
токтомунун редакциясына ылайык)
II. Түзүүнүн булактары
3. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат
органдарынын атайын каражаттары жөнүндө Жобого ылайык алынчу атайын ка-
ражаттардын 10 пайыздык өлчөмүн которуунун эсебинен түзүлөт.
III. Колдонуу тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкү учурларда колдонулат:
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын материал-
дык-техникалык базасын өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча борборлоштурулган
чараларды өткөрүү (кызматтык имараттарды куруу жана курулушта үлүштүк
катышуу, капиталдык оњдоо, бөлмөлөрдү жумшак жана катуу эмеректер, ком-
пьютерлер, уюштуруу техникалык каражаттары менен жабдуу, компьютерлерди
алуу, аталган техникалык каражаттарды тейлөө жана оњдоо ж.б.);
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын кармоо (жы-
луулук жана электр энергиясы, байланыш каражаттары, бланкалык продукци-
яларды алуу үчүн төлөө ж.б.);
- тышкы саясат багытын чагылдырган атайын журналдарды жана норма-
тивдик укуктук актылардын жыйнактарын басып чыгаруу;
- протоколдук чараларды өнүктүрүү үчүн керектүү буюмдарды алуу;
- социалдык-маданий чараларды, чет элдик өкүлчүлүктөрдү расмий то-
сууну уюштуруу жана өткөрүү, өкүлчүлүктүн чыгымдары, өкүлчүлүккө ке-
ректүү буюмдарды алуунун ордун толтуруу, кызматтык иш сапарлардын чы-
гымдары ж.б.
- кызматтык максатта имараттарды, автотранспортторду, алардын те-
тиктерин алуу;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызмат-
керлерин окутуу-билим берүү программалары менен камсыз кылуу, окууга,
стажировкага жиберүү;
- турак-жай, мектепке чейинки мекемелер, эс алуу базаларын куруу
жана сатып алуу, эмгек жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча
чыгымдар;
- ак ниет иши үчүн бир жолку акчалай сыйлык берүү;
- иштин жыйынтыгы боюнча кезектеги сыйлыктар жана дарылануу жана
башка максаттар үчүн кызматкерлерге, анын ичинде пенсионерлерге жана
пенсияга чыккандыгына байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлерге мате-
риалдык жардам берүү;
- иш убактысынан тышкары эмгек үчүн айлык акыга үстөк төлөөлөрдү
чектөө, келишимдик негиздеги кызматкерлердин эмгек акысын төлөө;
- семинарларды, жыйналыштарды өткөрүүгө байланышкан социалдык-ма-
даний чаралар жана кайрымдуулук максаттарда;
- профсоюздук комитетке акысыз материалдык жардам көрсөтүү;
- ден-соолукту чыњдоо мекемелерине баруу үчүн жолдомолордун наркы-
нын бир бөлүгүн төлөө;
- шаардык, райондук чектеги коомдук транспортто жүрүү үчүн төлөө
жана тамактануунун бир бөлүгүн төлөө;
- кызматкерлерге пайызсыз ссудаларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарына жүктөл-
гөн милдеттер менен тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча алардын иш-аракет-
терин жакшыртууга багытталган башка чаралар.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 785
токтомунун редакциясына ылайык)
5. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат
органдарынын өзүнчө эсептик счетунда жыйналат.
6. Акча каражаттарын чыгымдоо боюнча финансылык иштер которуп
эсептешүү боюнча жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын эсептеринин каражаттарына тиешелүү маселелерди…Постановление · 31.12.2018 · № 654
- Постановление Правительства КР от 16 мая 2000 года № 271 "Об утверждении положений о специальных средствах учреждений системы Министерства иностранных дел Кыргызской Республики и…Постановление · 16.05.2000 · № 271 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.