# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3 октябрындагы № 3503-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3 октябрындагы № 3503-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3503-V
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5756/edition/472010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3 октябрындагы № 3503-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому (03.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73022

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 3 октябры № 3503-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө

1.«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар: Аманбаева У.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына; Досалиев АА. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына; Маматалиев A.M. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайланышсын. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин терагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1 пунктта: он сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын; жыйырманчы абзацта «Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча» деген сөздөр «Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөндөгү мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын: «Маматалиев A.M. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына»; отуз биринчи абзацта «Н.Т. Арипов» деген сөздөр «У.А. Аманбаева» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
