# КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 2470-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 2470-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2470-V
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5754/edition/486362/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 2470-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому (08.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73020

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 8-ноябры № 2470-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине жана "2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары жашыруун добуш берүү менен: Каныбек Капашович Иманалиев - Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Сандулла Канболотович Нышанов - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Кожобек Жайчыбекович Рыспаев - Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Карганбек Садыкович Самаков - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Анарбек Баратович Калматов - Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Жусупали Калматовнч Исаев - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Айнуру Тойчиевна Алтыбаева - Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Кенжебек Сатымкулович Бокоев - Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына шайлансын.

2. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети 2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" жана 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.

Төрага

А. Жээнбеков
