# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3-октябрындагы № 3502-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3-октябрындагы № 3502-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3502-V
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5750/edition/538743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3-октябрындагы № 3502-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (23.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73016

---

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2013-жылдын 3-октябры № 3502-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) төмөндөгүлөр:

"Ата Мекен" депутаттык фракциясынан Текебаев Өмүрбек Чиркешович Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин курамынан; "Республика" депутаттык фракциясынан Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.

2) төмөндөгүлөр:

"Ата Мекен" депутаттык фракциясынан Текебаев Өмүрбек Чиркешович Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына; "Республика" депутаттык фракциясынан Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына; "Республика" депутаттык фракциясынан Арипов Назарали Турдалиевич Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына; "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Кадырбекова Майрамкан Мамытовна Эл аралык иштер боюнча комитеттин курамына; "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Мурзабеков Кантемир Зулумбекович Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына; "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Шаршеев Бакыт Октябрович Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
