# КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 25 сентябры № 3452-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 25 сентябры № 3452-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3452-V
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5749/edition/1079938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 25 сентябры № 3452-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (06.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73015

---

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013 жылдын 25 сентябры № 3452-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 28-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын төмөндөгү орун басараларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун:

Жапаров Садыр Нургожоевичтин - Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары; Сапарбаев Жоомарт Рахатовичтин - Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары; Төрөбеков Нурлан Надировичтин - Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары; Аманбаева Урмат Абдилашимовна - Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары; Балтабаев Ташполоттун - Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары; Арипов Назарали Турдалиевичтин - Коррупцияга карты аракетгенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары; Султанбекова Чолпон Аалыевна - Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары.

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 36-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын:

Сасыкбаева Асия Айтбаевна; Мамырова Бөдөш Аманбаевна; Султанбекова Чолпон Аалыевна; Зулпукаров Төрөбай Закирович.

2) Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Талант Турдумаматович Мамытовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары катары ыйгарым укуктары токтотулсун.

3. (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомуна ылайык күчүн жоготту).

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин:

2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө»; 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»; 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»; 2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө»; 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 2470-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө» 2013-жылдын 22-майындагы № 3098-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V токтомун «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 22-майындагы № 3098-V токтомуна ылайык келтирсин.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

2012-жылдын 11-январындагы № 1492-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»; 2013-жылдын 12-июнундагы № 3196-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө».

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
