# 4-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктер жана иш-чаралар

- Документ: [Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/73)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 18-майындагы № 65 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/73#diff=942341..942342>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-62/edition/942334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө, 4-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-4

---

Мамлекет тарабынан төмөнкүлөр кепилденет:

- кургак учукка каршы кечиктирилгис жардам;

- кургак учукту адистештирилген алдын алуу, кургак учукка каршы мамлекеттик уюмдарда (мындан ары - кургак учукка каршы уюмдар) амбулатордук жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык, дарылоо, реабилитациялык жардам;

- кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат берүү;

- кургак учук менен оорунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө анын ден соолугуна зыян келтирилген учурда, кургак учук менен ооруганга жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте залалдын ордун толтуруу;

- кургак учук менен оорунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумушчу орундарын квоталоо аркылуу ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга ишке орноштуруу.

Кургак учукка каршы жардам төмөнкүдөй камсыз кылынат:

- кургак учукка каршы амбулатордук, стационардык жардам көрсөткөн уюмдар аркылуу;

- кургак учук менен ооруган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Медициналык-санитардык жардамды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз дары-дармектер менен жардам көрсөтүү аркылуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адамдарды, анын ичинде кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы жардамдын жана социалдык сактоонун бардык түрлөрү менен камсыз кылууну берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырышат. (КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-31)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-5)
