# 2-статья. Кургак учукка каршы иш-чаралар жана аларды жүргүзүү талаптары

- Документ: [Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/73)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 18-майындагы № 65 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.02.2019 [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894); 06.07.2016 [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/73#diff=942341..942342>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-62/edition/942334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө, 2-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-2

---

Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чаралар (санитардык-жакшыртуу, эпидемияга каршы, алдын алуучу, диагноздук, дарылоо жана реабилитациялык) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген негизде жана тартипте жүргүзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары өз компетенциясынын алкактарында жүргүзгөн кургак учукка каршы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык граждандар жана граждандыгы жок адамдар үчүн акысыздыктын, жалпыга жеткиликтүүлүктүн жана теңдиктүү мүмкүнчүлүктөрдүн талаптарында жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы уюмдарына пландуу медициналык жардам сурап кайрылган чет өлкөлүк жарандарды изилдөө жана дарылоо жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. (КР 2016-жылдын 6-июлундагы N 99, 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-3)
