# 15-статья. Кургак учук менен ооруган адамдардын укуктары

- Документ: [Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/73)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 18-майындагы № 65 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.02.2019 [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894); 30.06.2016 [Закон КР от 30 июня 2016 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111373); 29.04.2016 [Закон КР от 29 апреля 2016 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам охраны здоровья граждан"](https://aqlex.ai/kg/doc/111331); 16.10.2002 [Закон КР от 16 октября 2002 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/73#diff=942341..942342>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-62/edition/942334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө, 15-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-15

---

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамы менен 15-статьянын расмий тилдеги аталышына өзгөртүүлөр киргизилди) Кургак учук менен ооруган адамдар:

- адамдын кадыр-баркын кордоону жокко чыгарган, сыйлуу жана гумандуу мамилеге;

- өзүнүн укуктары жана өзүнүн оорусунун мүнөзү жана колдонулган дарылоо ыкмалары тууралу маалымат алууга;

- изилдөө жана дарылоо үчүн зарыл болгон мезгилде стационарда болууга;

- адистештирилген санаторийлерде жана күндүзгү стационарларда дарыланууга укуктуу;

- оорунун терминалдык стадиясында врачтын байкоосу астында саламаттык сактоо уюмдарында же амбулаториялык жардам формасында паллиативдик жардам алууга.

Кургак учук менен биринчи жолу ооруган же өнөкөт кургак учуктуу адамдар, узактыгы медициналык, социалдык жана эпидемиологиялык себептери боюнча ишке жарамсыздыгы башталган мезгилден тартып 12 айга чейинки чектерде аныкталган оорулук баракчасын алууга укуктуу болушат. Бейтап баракчасын көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча узартуу же эмгекке туруктуу жарамсыздыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Кургак учук менен ооруунун кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкон кызматкерлердин майыптык тобу белгиленгенге же болбосо клиникалык айыкканга чейин жумуш орду же ээлеген кызмат орду эмгек мыйзамдарына ылайык сакталат. (Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кургак учукка каршы уюмда дарыланууда жүргөн балдарга орто (толук) билим берүү программасы боюнча окуу мүмкүнчүлүгү берилет. Кургак учук менен ооруган, расмий жумушсуз болуп саналган адамдар жумуш издеген мезгилде, убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгилин кошуп алганда, калктын жумуштуулугуна көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпул менен камсыз кылынат. 16 жашка чыга элек, кургак учук менен ооруган жана буга байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп таанылган балдардын ата-энелери же иш жүзүндө аларды багууну жүзөгө ашырган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

- оорусу катуу жана кичине балдар менен кургак учукка каршы уюмда чогуу болууга;

- эмгек мыйзамдарына ылайык аларга ыңгайлуу кандай болбосун убакта же белгилүү бир мезгилде ар жылдык эмгектик өргүү алууга.

Кургак учукка каршы мекемеге консультацияга жана дарыланууга чакырылган же жөнөтүлгөн кургак учук менен ооруган адамдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен акысыз жүрүүгө (барып-келүүгө) укуктуу. (КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-16)
