# 10-статья. Кургак учукка каршы иш-чараларды каржылоо

- Документ: [Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/73)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 18-майындагы № 65 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.02.2019 [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894); 06.07.2016 [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378); 14.03.2005 [Закон КР от 14 марта 2005 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/1646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/73#diff=942341..942342>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-62/edition/942334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө, 10-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-10

---

Кургак учукка каршы иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекет төмөнкүлөрдү каржылоону камсыз кылат:

- алдын алуучу иш-чараларды, анын ичинде вакциналарды сатып алууну;

- диагноздук иш-чараларды (бактериялогиялык, флюорографиялык, рентгендик изилдөөлөрдү, кургак учукту туберкулиндик табууну жана башка зарыл изилдөөлөрдү);

- бардык кургак учук менен ооругандарды стационардык жана амбулаториялык шарттарда дарылоону;

- кургак учукка каршы дары заттарын сатып алууну;

- кургак учукка каршы уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү.

Кургак учукка каршы иш-чараларды кошумча каржылоо: менчиктин жана баш ийүүнүн бардык түрлөрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен биргелешип кургак учукка каршы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдердин натыйжасында алынган каражаттардын; калкка кепилдикке алынган базалык медициналык жардамдын көлөмүнөн ашыкча акы үчүн көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн; кургак учукка каршы уюм кургак учук боюнча эпидемияга каршы тартипти бузууда күнөөлүү болгон ишканалардан жана граждандардан доо талаптарын канааттандыруунун натыйжасында өндүрүлгөн материалдык компенсациянын; милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын; ишканалардын, мекемелердин, соопчулук коомдорунун, Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана чет өлкөлүк граждандардын ыктыярдуу кошумча салымдарынын эсебинен жүргүзүлөт. Кургак учукка каршы иш-чараларды каржылоого багытталган каражаттар биринчи кезекте өзгөчөлүктүү диагноздук иш-чараларды жүргүзүү, кургак учукка каршы дары-дармектерди толук көлөмдө сатып алуу жана оорулууларды тамак-аш менен камсыздоо үчүн пайдаланылат. (КР 2005-жылдын 14-мартындагы № 51, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-11)
