# 1-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/73)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 18-майындагы № 65 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2019 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите населения от туберкулеза"](https://aqlex.ai/kg/doc/111894)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/73#diff=942341..942342>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-62/edition/942334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө, 1-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат: бактерия таратуучулар - айлана-чөйрөгө оору козгоочуларды таратуучу оорулуулар; (абзац КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык алынып салынды) вакциналар - күчсүздөтүлгөн тирүү же өлтүрүлгөн микроорганизмдерден, алардын жашоо-тиричиликтик продуктуларынан, ошондой эле микробдук клеткадан алынган дарылык заттар. Вакциналар адамдардын жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларга өзгөчө туруштук берүүсүн жогорулатуу үчүн жана бул оорулардын кээ бирлеринен дарылоо үчүн колдонулат; вакциналаштыруу - жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында активдүү иммунитетти түзүү ыкмасы; кургак учукка каршы жардам - кургак учук менен ооругандарды аныктоого, изилдөөгө, дарылоого, байкоого жана реабилитациялоого багытталган жана амбулатордук же стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө жүргүзүлүүчү социалдык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйындысы; кургак учуктун микобактериялары - кургак учукту козгоочу-микроорганизмдер; кургак учукту туберкулиндик табуу - кургак учукту табуу үчүн колдонулган дары заттын - туберкулиндин жардамы менен ооруну аныктоо үчүн оорулууну изилдөө ыкмасы; кургак учук - кургак учуктун микобактериясы козгоочу жугуштуу оору. (КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/73/st-2)
