# 60-берене. Сууларды контролдоону жана эсепке алууну нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык жактан камсыздоо

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 60-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-60

---

Сууларды коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында суу ресурстарынын санынын жана сапатынын жол берилген көрсөткүчтөрүнө, суулардын көрсөткүчтөрүн өлчөөнүн тактык нормаларына талаптарды регламенттөөчү жана суу объектилерине өндүрүштүк жана башка иштердин таасиринин чектерин жөнгө салуучу нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык камсыз кылуунун бирдей системасы белгиленет. Нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык жактан камсыздоо системасы өлчөөнү жүргүзүүнүн стандарттарын, эрежелерин, жоболорун, инструкцияларын, ыкмаларын жана башка нормативдик докуметтерди камтыйт. Сууларды контролдоо жана каттоо жагындагы тараптар Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууларга ылайык келүүгө тийиш. Сууларды контролдоо жана эсепке алуу жагындагы талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иштелип чыгат, макулдашылат жана бекитилет.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-61)
