# 45-берене. Суу чарба курулуштарын коргоо

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 45-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-45

---

Суу чарба курулуштарын жана аны менен байланышкан суу жэзктерин коргой турган жасалгаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу, өнөр жайлык жана коммуналдык булганч сууларды агызуу үчүн коллекторлорду салуу жана башка жумуштар сууларды пайдаланууга укук берген лицензияларды алгандан кийин жүргүзүлөт. Суу чарба курулуштарын, анын ичинде юридикалык жактарга жана граждандарга таандык болгон жерлердеги жер астындагы булактардан суу тарттыруучу скважиналарды жана кудуктарды салууга сууларды пайдаланууга укук берүүчү лицензиялар болгондо жана коңшулаш жер ээлерине жана сууларды пайдалануучуларга зыян келтирилбеген жана суу объектисинин режими бузулбаган шартта уруксат берилет. Мамлекеттин менчигинде турган суу объектилеринде курулган суу чарба курулуштарын эксплуатациялоо үчүн жоопкерчиликти суу объектисин же суу концессиясын пайдаланууга укук берген лицензиянын ээси, ошондой эле суу объектисинин же анын бир бөлүгүн арендалоочу тартат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-46)
