# 43-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоону камсыз кылуу боюнча экономикалык чаралар

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/729#diff=939016..939017>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 43-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-43

---

Суу объектилерине жана суу чарба курулуштарын коргоону камсыз кылуунун экономикалык механизми төмөндөгүлөрдү карайт:

- сууларды пайдалануучулар суу объектилерине, суу чарба курулуштарына жана курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууну;

- суу үнөмдөөчү технологияларды колдонгондугу жана башка натыйжалуу жаратылышты коргоо чараларын ишке ашыргандыгы үчүн сууларды пайдалануучуларга салык жеңилдиктерин берүүнү;

- сууларды пайдалануу көлөмү боюнча пландуу көрсөткүчтөрдөн сууларды пайдалануучу ашып кеткен учурда сууларды пайдалангандыгы үчүн акынын тарифтеринин өлчөмүн көбөйтүүнү;

- (абзац КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоо боюнча башка экономикалык чаралар да белгилениши мүмкүн. (КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-44)
