43-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоону камсыз кылуу боюнча экономикалык чаралар
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 мая 2018 года № 55
Суу объектилерине жана суу чарба курулуштарын коргоону камсыз кылуунун экономикалык механизми төмөндөгүлөрдү карайт:
- сууларды пайдалануучулар суу объектилерине, суу чарба курулуштарына жана курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууну;
- суу үнөмдөөчү технологияларды колдонгондугу жана башка натыйжалуу жаратылышты коргоо чараларын ишке ашыргандыгы үчүн сууларды пайдалануучуларга салык жеңилдиктерин берүүнү;
- сууларды пайдалануу көлөмү боюнча пландуу көрсөткүчтөрдөн сууларды пайдалануучу ашып кеткен учурда сууларды пайдалангандыгы үчүн акынын тарифтеринин өлчөмүн көбөйтүүнү;
- (абзац КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоо боюнча башка экономикалык чаралар да белгилениши мүмкүн. (КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/729/st-43" title="43-берене - Суу жөнүндөгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>