# 39-берене. Сууларды пайдалануу акысы

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 апреля 2019 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О воде")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111889)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.04.2019 [Закон КР от 5 апреля 2019 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О воде")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111889); 26.09.1995 [692](https://aqlex.ai/kg/doc/692)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/729#diff=939017..939018>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 39-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-39

---

Кыргыз Республикасында сууларды пайдаланууга ушул Мыйзамдын 15-беренесинин үчүнчү абзацында жана 41-беренесинде каралгандагыдан башка учурларда акы төлөнөт. Суу үчүн акы ведомстволук баш ийүүсүнө, граждандыгына, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүүнүн формаларына карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, сууларды пайдалангандардын бардыгынан. Суу акысы:

- белгиленген лимиттердин чегинде суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында, сугат үчүн пайдаланылган сууну кошпогондо);

- суу ресурстарын лимиттен ашык жана туура эмес пайдалангандыгы үчүн;

- суу сордуруп чыгаруу, ташуу, бөлүштүрүү, сууларды тазалоо менен байланышкан кызмат жана башка суу чарба иш-чаралары үчүн;

- белгиленген лимиттердин чегинде суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына булгай турган заттарды чыгаргандыгы жана агызгандыгы үчүн;

- суу объектилеринен пайдалануу укугун алгандыгы (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында сугат үчүн пайдаланылган сууну кошпогондо) үчүн төлөнөт.

Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 21-I, 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-40)
