# 36-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын агып чыкма сууларды агызуу үчүн пайдалануу

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 36-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-36

---

Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын агып чыкма сууларды агызуу үчүн пайдалануу санитардык көзөмөлдү, балык запастарын коргоону ишке ашырган органдар жана башка тиешеси бар органдар менен макулдашуу боюнча атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын уруксаты менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Агып чыкма сууларды агызуу суу объектисинде жана суу чарба курулуштарында белгиленген нормадан ашык булгоочу заттардын көбөйүшүнө алып келбесе жана сууларды пайдалануучулар агын сууларды белгиленген нормалардагы чектерге чейин тазалап турган шартта гана агып чыкма сууларды агызууга жол берилет. Белгиленген нормалар бузулган учурда булганч сууларды агызууга чектөө салынышы, токтотулушу же ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, цехтердин, айрым өнөр жай жасалгаларынын жана өндүрүштөрдүн иши токтотулганга чейин тыюу салынышы зарыл.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-37)
