31-берене. Суу объектилерин балык чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдалануу
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
Балыктардын баалуу түрлөрүн сактап калуу жана толуктап туруу үчүн чоң мааниси болгон суу объектилеринде жана алардын айрым участкаларында, же балык промыслосунун башка объектилеринде сууларды пайдалануучулардын укуктары балык чарбасынын кызыкчылыгында чектелиши мүмкүн. Мындай объектилердин тизмеси жана сууларды пайдаланууга чек коюунун түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Суу чарба жана башка курулуштарды балык чарба көлмөлөрүндө эксплуатациялоодо балык запастарын коргоону жана аларды толуктап туруу үчүн шарттарды камсыз кылуучу иш-чаралар өз учурунда жүргүзүлүүгө тийиш.
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Балык чарбасы жөнүндөЗакон · 25.06.1997 · № 39 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/729/st-31" title="31-берене - Суу жөнүндөгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>