# 3-берене. Суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун негизги принциптери

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 3-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-3

---

Кыргыз Республикасынын уюмдары, ишканалары, мекемелери жана граждандары, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана граждандар жана граждандыгы жок адамдар суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө чарбалык жана башка иш-аракеттеринде төмөндөгүдөй негизги принциптерди жетекчиликке алышат:

- адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун артыкчылыгы, анын эмгектенүүсү жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу;

- сууларды сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо;

- суу мыйзамдарынын талаптарын сактоо, бул талаптардын бузулушу үчүн сөзсүз түрдө жоопкерчилик тартуу;

- сууларды пайдалануу жана коргоо боюнча милдеттерди чечүүдө маалымдуулук жана калк, коомдук уюмдар менен тыгыз байланыштуу;

- суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалангандык үчүн акы төлөө;

- суу мамилелери жагындагы эл аралык кызматташтык.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-4)
